www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева бөйрөк оорусунан жабыркаган Байтемирдин дарылануусу үчүн апасы Найманалиева Анаркүлгө 30 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам тапшырды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, өнөкөт гломерулонефрит дартына кабылган Найманалиев Байтемирдин апасы Найманалиева Анаркүл депутат Айнуру Алтыбаевага жардам сурап, кат жазган. Буга байланыштуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин Төрагасына кайрылып, натыйжада Дастанбек Жумабеков өзүнүн фондунан 30 миң сом бөлгөн.
Байтемирдин тез арада айыгып кетишин тилеген Айнуру Алтыбаева, оорулуга жардам берүү өтүнүчү менен Саламаттыкты сактоо министрлигине расмий кат аркылуу кайрылгандыгын маалымдады. Учурда аталган мекемеден жооп күтүп жатканын айткан депутат, маселени өз көзөмөлүнө аларын убада кылды.
Булак: NazarNews.kg