www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттеги чындыктын жарчысына айланган Жа-нар Акаевге биздин гезит аркылуу Кочкор районунун тур-гундарынан көйгөйлүу ишин көңүлгө алуу өтүнүчү жол-донууда. Ушул күндөрү кар жатпас аймактын Дөң-Алыш айылындагы (премьер Абылгазиевдин киндик каны тамган жер) Ак-Бел, Сарала-Саз, Кашка-Суужайлоолору коңшу Шам-шы, Кум-Дөбө айылдарына тиешелүү болгону менен соңку 20 жылдан бери Дөң-Алыш айылынын тургундары жайлап келишсе, быйыл жаздан тарта аталган жайлоолорго баштапкы айыл ээлеринин малы жай-лоого келип, натыйжада мал батпай, эки айылдын эли кырдыбычак абалга жетип калышканын маалымдашты.

Абылгазиев абалга кызыгып койсо болобу? Кырдаалды эл өкүлү Жанар Акаев көзөмөлгө алып, парламенттен тиешелүү маселе көтөрүү менен жайыт жерлерди кайрадан такташтыруу аркылуу маселени жөнгө салып берсе (!) деген өтүнүчтөрүн билдиришүүдө. Болбосо, эки айылдын элине алакандай жай-лоого тыгылып отуруш ыңгайсыздыкты жаратып, төрт түлүктүн аягы батпай, жайыт-тан чөп ордуна чаң чыгып калганы каңкууланууда. Бир өрөөндүн элин бири-бирине тиш кайратышпай, гезит аркылуу кайрылып жатышкан соң маселеге эл өкүлү олут-туу көңүл бурбаса болбойт го? Мындан башка тиешелүү органдардан тыңгылыктуу үмүт жок экенин айыл эли эмитен коңгуроо кагышууда.

Булак: “Азия ньюс”

Последние новости