www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында өлкөгө киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп, эл өкүлдөрү бир катар суроолорду беришүүдө.

Депутат Кубанычбек Нурматов акыркы айларда коронавирус илдетинен сегиз адам каза болсо, ал эми 5289 адам башка оорулардан көз жумганына токтолду. Анын ичинен рак илдетинен эки ай ичинде 700дөн көп адам көз жумганын кошумчалады. “Андыктан башка ооруларга да каршы күрөштү күчөтүү керек”, - деди депутат.

Ал эми депутат Евгения Строкова дагы кесиптешинин сөзүн улай, гепатиттен каза болгондор саны өсүп жатканын белгилеп, гепатит B, гепатит C илдеттерине чалдыккандарды дароолого өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.  

“Алар көмүскөдө калып дыкат көңүл бурулбай калгандыктан каза болгондордун саны өсүүдө”, – деди депутат.

Ошондой эле жеке баракчасына кайрылган дарыгерлердин сунушун өкмөткө жолдоп: “Ош шаарына барган дарыгерлер учурда кайтып келүүгө жол кире таппай жатышыптыр. Андыктан саламаттык сактоо министрлиги муну өз көзөмөлүнө алсын”,– деди Евгения Строкова.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости