www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кээ бир депутаттар эл өкүлдөрү тууралуу калп маалыматтарды таратып жатат. Мындай пикирин бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров билдирди.

"Жалган маалымат таркатып жатканда көңүл буруп койсоңуздар. Коронавирус Кытайдын Ухан деген шаарынан чыкканын билишет. Мээси жетпегендерге айтып коюш керек. Бул Сауд арабиясынан эмес Ухань шаарынан чыккан жок. Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу жалган маалымат таркап жатат. Кээ бир депуттар менин динимди жаман көрсө, жалпы диндештери, менин улутумду талкалаганга сиздер жол бербеңиздер. Биз башка динди, башка улутту сыйлайбыз. Диндерди бири-бирине карама-каршылыкка чакырган нерселер болуп жатат. Коронавирус менен бир динди же улутту жаман көрсөткөн болбойт", - деди ал.

Ошондой эле,  депутат Талант Мамытов коронавирусту бир адамга шылтаганды токтотууга чакырды.

Буга чейин депутат Ирина Карамушкина умрага барып келген депутаттардын тизмесин сураган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости