www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Улукбек Ормонов парламенттин бүгүн, 28-июлдагы отурумунда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна Артём Новиков төрага болгондон бери бир дагы долбоор колдоо таппай жатканын билдирди.
“Артём Новиков деген жигитти алып бардык ошол жерге. Бул өкмөттө иштеп көнүп калганбы, баргандан бери бир дагы долбоор каралбайт. “Агротрейд” деген ишкана орусиялыктар менен биргеликте мыкты сүт чарба комлексин түзүү боюнча долбоор даярдап келсе баш тартыптыр. Кыргыз-орус фондунун негизги максаты ишкерлерди колдоо, ишканаларды, жумушчу орундарды түзүү эмеспи”.
Артем Новиков ушул жылдын май айында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында 2014-жылы түзүлгөн. Аны түптөөгө Орусия бир миллиард долларлык капитал бөлгөн. Акыркы маалыматтарга караганда бул аралыкта фонддун эсебинен 700дөн ашык долбоор каржыланган.
Фонддун ишкерлерди каржылоосу 2020-жылдагы саясий окуялардан кийин токтоп калган эле. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров быйыл февралда Москвага болгон сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен ушул тема боюнча да сүйлөшкөнү айтылган.
Фонд кайрадан насыя берерин Садыр Жапаров быйыл 23-июнда Бишкекте ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушканда билдирген. Ал эми фонд июль айынын башынан тартып бизнес долбоорлорду каржылоосун жандантканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg