www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Байлыкты ачыкка чыгарган күндөн тарта кара тизмеге кирип каласың. Мындай пикирди жарандык активист Руслан Акматбек билдирди.
--"Уюшкан кылмыштуу топту көз жаздымда калтырсак, алар бир күнү легитимдүү болууну самашат. Аймактарда криминалдар жергиликтүүлөргө жардам берген адам катары кабыл алынат экен. Жаштар арасында аларды өзгөчө кумир катары туткандар бар" дейт.
Ал укук коргоо органдары өзүнө зарылчылык болгондо гана маселени дароо жөнгө салып, ыкчам чечим кабыл аларын сындап, бирок жарандарга келгенде иштебей калганы - чоң суроо жаратарын белгиледи.
Мындан сырткары, активист өлкөдө байлыкты ачыкка чыгаруу маданияты жок экенине токтолду.
--"Байлыкты ачыкка чыгарган күндөн тарта кара тизмеге кирип каласың. Бул көмүскө экономикага шарт түзүүдө. Андыктан байлыкты ачыкка чыгаруу маданиятын киргизип, ага шарт түзүшүбүз керек", - деди серепчи.
Булак: NazarNews.kg