www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын  Башкы прокуратурасы Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында 15-16-февраль күндөрү жүргүзүлгөн ири масштабдагы атайын операцияда 29 адам кармалып, катарында Кыргызстандын 3 жараны, анын ичиндеЖогоркуКеңештин депутаты Асылбек уулуДамирбектин бар экендигин тастыктаган маалымат тараткан. Бул окуя боюнча “Кыргызстан” фракциясы чукул жыйын өткөздү. Бул тууралуу маалыматты  "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын катчылыгы билдирди.

Асылбек уулу Дамирбек “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын активдүү депутаты гана болбостон, күрөш боюнча Кыргызстан жана Казакстан Республикаларынын желегин желбиретип, кыргыз спортуна да чоң салымын кошуп келген. Ал аймактардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн көтөрүүдө алгылыктуу бир топ иш-аракеттерди жүргүзгөн жигердүү депутат.

Массалык маалымат каражаттарына таракатылган булл окуя ЖогоркуКенештин “Кыргызстан” парламенттик фракциясы үчүн күтүүсүз болду.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, коюлуп жаткан күнөөлөргө депутаттын тиешеси жок деген маалымат бар. Парламенттик фракция КРнынТышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук органдары менен тыгыз байланышта болууда. Бул маселеде Казакстандын тиешелүү компетентүү органдарынын мыйзамдарын толук сактоо менен, күнөө коюлуп жаткан кыргыз жарандарынын укуктары тебеленбестен, акыйкат изилденип, чечилет деп ишенебиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости