www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев өкмөттүк “Кыргыз Туусу” гезитин жана 24 дарыгерди сотко берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова кабарлады.
Анын айтымында, министрдин сотко арыз жазышына дарыгерлердин 2017-жылдын 1-декабрындагы “Кыргыз Туусу” гезитине жарыяланган кайрылуусу себеп болгон. Батыралиев "бул кайрылууда айтылган маалыматтар жалган жана кадыр-баркыма шек келтирди" деп сотко кайрылган. Министр моралдык кенемте катары дарыгерлердин ар биринен 100 миң сом, ал эми гезиттен 500 миң сом өндүрүүнү суранды.
Елена Баялинованын айтымында, айрым дарыгерлер кайрылууга кол койбогонун айтып, министрге каршылыгы жок экенин билдирип жатышат.
Ал эми “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Эрнис Балбаков бул жагдайдын түшүнбөстүк экенин айтты. “Дарыгерлердин колу коюлган кайрылуу жарыяланган. Ал жерде биздин эч кандай пикирибиз жок”, - деди Балбаков. Редактор кошумчалагандай, учурда министр менен сүйлөшүп, бир пикирге келүү боюнча аракет көрүлүп жатат.
Былтыр бир катар саламаттык сактоо мекемелеринин башкы дарыгерлери "министр Батыралиев иштен мыйзамсыз бошотту" деп арызданышкан эле.
Булак: NazarNews.kg