www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Рыскелди Момбеков жерлерди трансформациялоо маселеси көп жолу көтөрүлүп келгенин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өкмөт бул маселени чечпей келет жана мындай көйгөй бардык аймактарда бар.

"Бай жарандар өздөрүнүн жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселесин чечип алып жатат. Ал эми карапайым калк жылдап күтүп жүрөт. Муну менен катар “ЖЭБ-2” жана “Жогорку Төкөлдөш” жаңы конуштарындагы тургундар жерлерин мыйзамдаштыруу боюнча тиешелүү мекемелерге көп жылдан бери кайрылып келет. Бирок эч кандай реакция жок. Ал эми “Ата-Түрк” сейил багындагы жерлердин көбү мыйзамдаштырылып кетти. Бул акыйкатсыздык. Комиссия түзүп, жөнөкөй элдин көйгөйүн чечкиле”, – деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости