www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында күйүүчү майлардын кымбат болуп жаткандыгы айтылды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Депутат Бактыбек Сыдыков Россия Федерация тарабынан Кыргызстанга алымсыз 1 млн тонна күйүүчү май бөлүнөөрүн, бирок анын баарын “Газпром”, “Росснефть” компаниялары бөлүп алып жаткандыгын, жакында жаңы алым кирет деген жүйөө менен күйүүчү майларды 3 сомго кымбаттаткандыгын маалымдады. “Бул маселеге КР Өкмөтү алсыздыгын көрсөтүп жатат. Чындыгында акыбал бара-бара оорлошуп келе жатат. Күйүүчү майдын баасы боюнча коңшу Казакстан менен 8 сомго чейин айырма бар. Аларда күйүүчү май дээрлик сомго арзан. Бизде бүт рынокту орусиялык компаниялар көзөмөлдөп жатат. Билинбегени менен чоң көйгөй келе жатат”,- дейт Б.Сыдыков.
Депутат Таабалды Тиллаев Бишкек-Ош. Бишкек-Торугарт жолунда айдоочулардан, жүк ташуучулардан жол коопсуздук кызматкерлери тарабынан акча жыйноолор арбып жатканын маалымдады. “Бүгүнкү күндө күйүүчү майлар кымбаттап жаткан маалда мындай мыйзамсыз иш-аракеттер токтотулушу зарыл”,- дейт ал.
Булак: NazarNews.kg