www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элет жеринде арзыбаган айлык алгандарды эмес, министрлерди коштоп жүргөн ашыкча кызматкерлерди кыскартуу керек. Мындай пикирин бүгүн парламентте сүйлөп жатып КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди. Бул тууралуу Азаттык жарыялады.
- Эмне үчүн бизде, ЖК депутатында бир эле жардамчы бар, шоопурубуз да жок? А бир министрди он киши тейлейт. Жалганчы жардамчыларын, жанбакты жансакчыларынын баарын жайнатып жанында алып жүрөт. Элди ошолор иренжитип жатат. Кыскартсын аппаратта жайнап жүргөн туфлиси чыкыраган, костюм-шым кийген, компьютерден башканы билбеген балдарды. Айылда 2-6 миң алгандарды кыскартып жатасыңар. Бул туура эмес.
Момбеков аткаруу бийлигинде жүргүзүлүп жаткан кыскартуулар боюнча парламентте “өкмөттүк саат” талкуусун өткөрүүнү сунуштады.
Буга чейин Кыргызстандын аткаруу бийлиги кызматкерлердин санын 10 пайызга кыскартып, мекемелердин түзүмүн оптималдаштырып, жылына 200 миллион сомдой каражат үнөмдөөнү пландап жатканы кабарланган.
Булак: NazarNews.kg