www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Дастан Бекешев коомдун алдында кечирим сураган дарыгер менен байланышкан кырдаалга комментарий берип, кесиптештерин дарыгерлерди кысымдан коргой турган Жогорку Кеңештин резолюциясын кабыл алууга чакырды жана кесиптештери аны колдоп, сунуштарын кошот деген үмүтүн билдирди.

Анын айтымында, мындай коркутуулар менен бийлик дарыгерлердин ак ниеттүүлүк менен иштөөгө болгон каалоосун жокко чыгарат, ал эми улуттук коопсуздук органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кетүүдө.

“Мындан тышкары, медициналык коомчулукка кысым көрсөтүү барган сайын көбөйө баштады. Алар дарыгерди илдетти кесиптештерине жуккан деп айыпташты жана аны ким айтты? Мындай такталбаган маалыматты вице-премьер-министр айтты.

Вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун медициналык кызматкердин коронавирустук инфекцияны башка медициналык кызматкерлерге жуктургандыгы жөнүндө тастыкталбаган маалыматты жайылтуу боюнча ички иликтөөнү жүргүзүп, анын натыйжаларын жарыялоо керек”,-деди депутат Бекешов. Мындан сырткары, эл өкүлү медициналык кызматкерлерге кысым көрсөтүү практикасын токтотуу зарылдыгын белгилеп: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроратурасынан

– медициналык кызматкерлерди элден кечирим суроого мажбурлаган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин иш-аракеттерине укуктук баа берүү;

– укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин көзөмөлдөө жана жарандардын укуктарынын бузулушунун, медициналык кызматкерлердин ар-намысы менен кадыр-барктын басынтуунун алдын алуу”,-тууралуу сунушун токтомдо көрсөтүп, токтомду Укук коргоо комитетинин кароосуна жөнөтөөрүн белгилеген.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 15-апрелинде Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости