www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы жана «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүү жүргүзгөн Залмай Халилзад ооган өкмөтү менен куралдуу топтордун ортосунда абакта отургандарды алмашууну тынчтыкка жетүүнүн «маанилүү кадамы» деп баалады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Бүгүн, 13-апрелде Халилзад «Твиттердеги» баракчасына: «Эки тарап тең АКШ менен «Талибан» кол койгон макулдашууда белгиленген максатка жетиш үчүн болгон күчтү жумшашы керек» деп жазды. Атайын чабарман коронавирус жайылып жаткан кезде «түрмөдө отургандардын коопсуздугу коркунучта» экенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg