www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары 15-апрель күнү жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, жыйын саат 10:00дө башталып, ЖК сайты менен бир катар телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт. Анда кандай маселелер каралары айтылган жок. Парламенттин сайтына дагы күн тартиби жарыялана элек.

Белгилей кетсек, бүгүн Республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов президент Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, оорунун күн санап өсүшүнөн улам дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алуу менен, медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунушун билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости