www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генерал-майор Самат Курманкулов жардам сурап жаш балача ыйлады. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда депутат Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кесиптешибиз Кундуз Сулайманов менен мындан бир апта мурда Кой-Таш окуясында жабыркаган генералыбыз Самат Курманкуловдон кабар алып келдик. Абалы абдан начар. Жардам берип койгулачы деп жаш баладай ыйлады. Депутаттар макул болсо бир күндүк маянабызды Курманкуловго жардам катары которсок дейм", - деп билдирди депутат.

Депутат Токторбаев Самат Курманкулов пенсиясын көтөрүп берүүнү суранганын билдирип, өкмөттүн өкүлү Алмас Абытовдон аталган маселеге көңүл бөлүп коюусун суранды.

Токторбаевдин сунушу добушка коюлуп, 51 депутат макул добушун берип, жыйынтыгында аталган сунуш өттү.

Белгилей кетсек, Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционерге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости