www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украина башчысы Владимир Зеленскийдин G20 жыйынында сүйлөгөнүнө байкоо салып, ал Батыш өлкөлөрдүн Украинанын сүйлөшүү жаатында берген кеңештерин укпайт деген жыйынтык чыгарууга болорун айткан.

РИА Новости министрдин Зеленскийдин сөзү "өтө кызык болду" деп баа бергенин жазды.

Башкалар үч мүнөттөн, ал эми Украина башчысы 20 мүнөттөй сүйлөгөн.

"Сөзүн бөлүүгө болбойт эле, себеби мурдатан жаздырылган. Ал эми аны өчүрүп салууну каалашкан жок окшойт. Бирок анын сүйлөгөнүн угуп, ал азырынча батыштын бир да өлкөсүнүн кеңешин кулагына илбестиги айкын болду", — деген Лавров журналисттерге.

Министр бир нече учурга токтолгон.

"Баарын бирден санап отурбайын, жалпыласак, агрессия, русофобия коштолгон согуштук риторика болду. Анын фразасы сөзүнүн маани-маңызын, учурдагы абалын кашкайтып көрсөтүп берип койду. 1944-жылы союздаштардын Нормандияга түшүрүлүшү Дүйнөлүк экинчи согуштагы бурулуш учур болду деп айтты. Андан ары өзүңөр жыйынтык чыгара бергиле", — деген Лавров.

Министр муну менен кошо эле РФ Владимир Зеленскийдин "тартипке келишине" Батыштын кызыкдар болгонун конкреттүү далилдер менен көргүсү келгенин белгилеген.

"Батыштын чындап эле Зеленскийдин "тартипке түшүшүнө" кызыкдар экендигине конкреттүү далилдерди көргүбүз келет. Андан сырткары, мындан ары кырдаал ушул тейде уланбай тургандыгын, бул украин элинин да, өзүнүн да кызыкчылыгына туура келбестигин түшүндүрүшү (Батыш – ред.) керек", — деген ТИМ жетекчиси.

Эске салсак, буга чейин Politico америкалык администрациянын ысымын атагысы келбеген өкүлүнүн айтканына таянып, АКШнын мамдепартаменти Орусия-Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ыңгайлуу учурду даярдап жаткандыгын жазган. Басылма бирок Вашингтондун бирдиктүү көз карашы жоктугун кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости