www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Талкууда депутаттар Бактыбек Чойбеков менен Элмурза Сатыбалдиев кыргыз тилин өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Надира Нарматова бир дагы постсоветтик өлкө Конституциясында расмий тилди көрсөтпөгөнүн, муну Кыргызстандын “берешен эли” гана жасаганын айтты.

"Саясатта да, турмушта да башкаларга жагууну каалайбыз, кошомат кылабыз. Өзүбүз ачка жүрсөк да башкалардын алдына тамак-аш, сууну коюп, өзүбүз артта калсак дагы башкага жол көрсөтөбүз. Ошондуктан, биз эгемендүүлүккө ээ болгондон бери, канча миллиондогон каражат бөлүнбөсүн, орус тилине кылчактап, өз тилибизди өнүктүрө албай жатабыз. 

Казакстан, Өзбекстан сыяктуу коңшу мамлекеттер өз тилине толугу менен өткөн, аларда расмий тил жок. Биз кыргыздар кыргыздардай жашап, кыргыздардай өлүшүбүз керек. Биз көз каранды болууну токтотуу керек", - деди Нарматова.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости