www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңеште коронавирустун алдын алуу жана анын өлкө аймагында жайылышына жол бербөө чараларын көрүү жаатында маалымат угулду.

Өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22 санитардык-карантиндик жай уюштурулуп, вируска шектелген адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн 964 орун даярдалды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ЖКда айтып берген.

Ошондой эле, Кытайдын жогорку окуу жайларында 4600 студент окуп жатканы, алардын азыр кытай аймагында 271 кыргыз жараны калганы белгилүү болду. «Кытайдагы жарандарыбыздын саны өзгөрөт, анткени айрым адамдар үчүнчү өлкө аркылуу Кытайга барышы мүмкүн. Ушул мезгил аралыгында Кытайдан 183 адам келген, азыр 158 адам медициналык байкоодо турат. Баш-аягы 800 анализ жүргүзүлдү», - деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Саламаттык сактоо министри: «Азырынча коронавируска каршы вакцина жок. Эгер вакцинанын үлгүлөрү сыноодон ийгиликтүү өтүп, колдонууга чыкса, кыргыз кызматы тарабынан дароо аны алуу чаралары көрүлөт», - деди Космосбек Чолпонбаев.

Нурбаев Абдувахап “Кара-Суу районундагы шприц чыгарган ишкананын ишке берилишине эмне үчүн уруксат бербей жатат?”,-деген суроону берип, Экономика министринен канаттандырарлык жооп таба алган жоктугуна байланыштуу: “Элдин акчасына айлык айлып жашап атасыңар, Элге эмне керегиңер бар силердин?”,деп ачуусун жашырган жок. Бул ортого вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова аралашып, өз көзөмөлүнө алаарын айтты.

Депутаттар Кытай шприц менен башка өлкөлөр камсыздай албашын айтышып, өзүбүздө даяр турган ишкананы иштете албай жаткан Экономика министрлигин сынга алышты. Экономика министрлиги бир жылдан бери аталган шприц чыгаруучу ишкананын маселесин чечип бербегендиги маалым болду. Экономика, Саламаттыкты сактоо министрликтери депутаттардан тил угуп, эпидемия тараганына бир ай болсо да алдын алуу иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн министрлер жер карады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости