www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Согди облусундагы ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генералмайору Абдулло Навжувоновдун “Баткен тажиктердин жери” деп айтканын тажик маалымат булактары жарыялады. Тажик генаралынын айткан сөзү эмнеден кабар берет?
- Албетте, бул кабар жакшылыктын, ынтымактуу кошуналыктын белгиси эмес. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң жетекчинин мындай чагымчылык сөзү жөн жерден айтылган жок деген сөздөр жөн эмес деген ойлорго негиз бар. Албетте, бул кошуна мамлекеттин башчысынын айткан жакшы кошуналык мамиле, меймандостук, ынтымак деген сөздөрүң, биздин мамлекет башчыбыз С.Жээнбеков менен өз ара сүйлөшүүлөрүн маанисин төгүндөйт деген ойлорго негиз берет. Ошондуктан бул окуяга кошуна мамлекеттин бийлиги сөзсүз реакция кылып, чара көрүлүүсү керек. Эгер андай болбосо, анда Тажикстан бийлиги сөздө бирди айтып, чынында койнунда котур ташы бар дегенге толук негиз болот. мне эле болуп жатышат” деп, сырткы күчтөр да ынтызар болуп кулактарын түрүп калды. Айтор, кырдаал оорлоп баратат. Элибизге дагы бир тополоңдун кереги жок. Ошондуктан өлкө келечегин ойлогон аксакалдар, жоопкерчиликтүү саясатчылар өлкөдөгү кырдаалга оор басырыктуу мамиле кылып, кызуу кандуулукка алдырып жаткандарды сабырдуулукка чакырып, өлкө башчысына кол кабыш кылышып, мамлекетибиздеги туруктуулукту сактап калууга салымдарын кошушу керек. Шайлоолор адилеттүү, калыс, эң негизгиси тынч өтүшү келечек, өнүгүү үчүн өтө маанилүү. Азыр саясый туруктуулук аба менен суудай керек кез.
Булак: "Майдан.kg"