www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги биринчи жолу коронавирус оорусу катталганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Италиянын Ломбардия облусунан келген 61 жаштагы киши 25-февралда Сан-Паулудагы “Альберт Эйнштейн” ооруканасына коронавирустун белгилери менен түшкөн. Белгилүү болгондой бейтапты текшерүүдө кабыл алынган дүйнөлүк стандарттар сакталган.

Аталган өлкөнүн бийлиги бейтап кошуналарынан, медиктерден жана жанындагы жүргүнчүлөрдөн ким менен байланышта болгонун текшерип жатат. Сан-Паулуда коронавирус оорусуна 4 адам шектелип жатат.

Эске сала кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Кийин аталышы COVID-19 деп өзгөртүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости