www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Туризмди өнүктүрүү фондундагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин талкуулашты.

Буга чейин фонддун жетекчиси Елена Калашникова УКМК кызматкерлери жүргүзгөн тинтүү учурунда ал жок экенин билдирген.

Атайын кызматтын төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков батирди тинтүү учурунда Калашникованын күйөөсү болгонун билдирди. Ошондой эле, анын айтымында, фонддун жетекчисине кылмыш иши көрсөтүлгөн документтер менен таанышуу үчүн берилген.

Депутат Кундузбек Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жалган маалымат берген Елена Калашникованы жоопко тартуусу керектигин айтты.

Буга чейин аталган фонддун жетекчиси кылмыш иши тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында гана билгенин билдирген.

Эске салсак, Туризмди өнүктүрүү фондунун кеңсеси жана уюмдун жетекчисинин үйү тинтүүгө алынган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети туристтер үчүн эс алуу жайларын куруу долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости