www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйындарында социалдык маселелер көтөрүлүп, каралган учурда эркек депутаттар дайыма буга кайдыгер мамиле жасап, колдошпойт. Мындай пикирин парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, акыркы учурда Жогорку Кеңеште каралган социалдык, өзгөчө аялдар тууралуу маселелер эркек депутаттардын көптүгүнөн колдоо таппай калууда. Аймактарды кыдырганда эл өкүлдөрүнүн мындай мамилесине аялдар нааразы болуп жаткандыгын Сурабалдиева кошумчалады. Бул маселе парламенттин жыйынында көп жыл эмгектенген мугалимдердин пенсиясын көтөрүү тууралуу мыйзам долбоору каралган учурда жаралды.

Аны «өкмөттүн корутундусу жок» деген негизде кароого айрым депутаттар каршы чыгышып, күн тартибинен алып салууну сунушташкан Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева бизнес же саясатка тиешелүү мыйзамдарды комитеттерде кароодо дайыма жанталашып шаштырышаарын айтып, өткөн жумада аялдардын жана балдардын укуктары боюнча мыйзамды караган учурда палатада болгону 5 эркек депутат отурганын билдирди. «Кийинки жолу аймактарды кыдырганда мындай маселелерге каршы болгондордун фамилиясын элге айтып берем», — деди ал.

Булак: "Кыргыз Туусу"

Последние новости