www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар пара бергемин деп арыз жазган Маевский аттуу жаран бүгүн сотко келип көрсөтмө берип жатат. Ал, Өмүрбек Текебаевге кайрылып анын атын “Алмаз” деп кайрылып алып, кийин сөзүн оңдоп кетти. Бул тууралуу сотто катышып жаткан жактоочулар жазышты.

Мындан тышкары ал соттук отурумда Текебаев менен жолугушканда анын кабинетинде “убактылуу өкмөттүн 1-орун басары” деген жазуу кире беришинде болгон деп тастыктады. Бирок, Убактылуу өкмөттүн 1-орун басары азыркы президент Алмазбек Атамбаев болчу. Маевский жиберген Модин аттуу жаран дагы Текебаевге пара алып барып бергем деп көрсөткөн кабинет Алмазбек Атамбаевдики болуп чыкты. Айтор, кызыктын баары эми башталды…

Булак: "Искра.кж"

Последние новости