www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектепти кызыл аттестат менен аяктаган бүтүрүүчүлөргө бул жылы эч кандай жеңилдиктер берилбейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарымдуу өкүлү Марат Усупбеков маалымдады.

 Анын айтымында, билим берүү системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу, жокко чыгаруу максатында кызыл аттестат ээлерине жалпы республикалык тесттин жыйынтыгына кошумча 20 балл берүү жеңилдиги алынып салынган. «2014-2015-2016-жылдары кызыл аттестат ээлерине жалпы республикалык тестирлөөдөн алган жыйынтыгына 20 баллдан кошулчу. Өкмөттүн ушул жылдьгн 8-июнь күнкү токтомунун негизинде кошумча балл берүү жеңилдиги алынып салынды.

Бул жылы 1012 окуучу кызыл аттестатка талапкерлигин жөнөткөн. Кызыл аттестат алуу үчүн атайын тест тапшыргандан кийин алардын 171и гана билиминин кызыл аттестатка татыктуу экенин тастыкташты» деди Марат Усупбеков.

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости