www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азамат Өмүркуловго карата сотко чейинки өндүрүш токтотулду, деп билдирди 22-майда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы.

«Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, М.Ж. аттуу жарандын ден соолугуна жеңил зыян келтирген. Ал Өмүркуловго эч кандай дооматы жок экендигин жазуу жүзүндө билдирди», - деди ИИМ.

Басма сөз кызматы белгилегендей, сотко чейинки өндүрүш Жазык-процесстик кодекстин 26-беренесине (Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар) ылайык токтотулган.

«Жол кыймылынын эрежелерин бузуу бөлүгүндө, эреже бузуу кодексинин 123-1, 2, 128, 1 жана 122- берененин 1 - бөлүмдөрүнө ылайык, жалпы суммасы 22,5 миң сомго айып пул салынды», - деп билдирди Бишкек ШИИББ.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости