www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку кеңештин депутаты Искендер Матримов 31-август, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата элге куттуктоо жолдоду.

Агарып күн чыгыштан,
Асманда жылдыз учкан.
Мээлүүн жел, салкын төрлүү,
Мекеним Кыргызстан!
Байырлап бабаларым,
Боз үйүн тургузушкан.
Гүлдөй бер, өсө бергин,
Күнөстүү Кыргызстан!
Мейкинде жылдыз учкан.
Мекеним Кыргызстан!

Урматтуу мекендештер! Баарыңыздарды бүгүнкү Эгемендүүлүк күнү менен куттуктаймын!

Тарыхка көз жүгүртсөк, биз империя кура турган элдин катарына киребиз. Демек, бабаларыбыз түптөгөн Улуу Кыргыз Дөөлөтүн кайра жандандырып, гүлдөгөн өлкөгө айлантуу биздин да колубуздан келет. Урпактарыбызга жаркын келечекти, өнүккөн, бай өлкөнү калтырып кетүү үчүн күнү-түнү талыкпай эмгектенүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз! Касиеттүү кыргыз жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, элибизде ынтымак болсун. Эгемен өлкө экенибизди дүйнөгө жар салган кызыл желегибиз ар дайым желбиреп турсун. Ар дайым түндүгүбүз бийик, азаттыгыбыз түбөлүк болсун!

Дагы бир жолу Эгемендүүлүк баарыбызга кут болуп, түбөлүгүбүз түз болсун!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости