www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кинодо көрүп жүргөн укмуштар эми чындыкта. Японияда тесттик эксперимент жасалып, бир кишилик транспорт 2 метр бийиктикке көтөрүлүп, 4 мүнөт абада турду.

Адамзаты асманда учкан автомобилдер менен сапарга чыгуу кыялына ар күн сайын дагы да жакындоодо. Япониялык SkyDrive аттуу фирма “учуучу автомобиль” долбоорлорун ишке ашыруучу фирмалардын бири болуп саналат. Аталган фирма тек кишилик транспорттун тесттик учуусун маалымат булактары менен бөлүштү.

SkyDrive компаниясындагы учуучу автомобиль демилгесинин башчысы Томохиро Фукузава долбоордун 2023-жылы жүзөгө ашаарын, бирок транспорттун коопсуздугун камсыздоо баарынан маанилүү экенин айтты. “Дүйнө жүзүндөгү 100дөн ашуун учуучу машина долбоорлорунун ичинен саналуусу гана транспортко бир жүргүнчү түшүрө алды. Көп адам бул транспортко түшүүнү самап, өзүн коопсуз сезишине үмүт кылам”, - деп кошумчалады Фукузава. Ошондой эле транспорттун абада туруу убактысын 5 же 10 мүнөттүн ордуна жарым саатка узартса Кытай сымал башка өлкөлөргө жиберүү мүмкүн болоорун белгиледи.

Ыктыярдуу долбоор катары иштеп баштаган SkyDrive компаниясы мындай ийгилиги менен Toyota, Namco жана  Panasonic сыяктуу белгилүү фирмалардын катарына кире алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости