www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду вирустун илдеттери жайылган аймактарга жардам жүктөрдү таратууну кайрадан улантып жатат. Бул тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине бүгүн, 25-мартта ЖК депутаты Искендер Матраимов билдирди.

--“Так ушул таптарда Ноокат районундагы өзгөчө кырдаал жарыяланган аймактагы аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө жардам жеткирилди. Азык-түлүктөрдү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тургундарга 25 тонна ун, 1,5 тонна өсүмдүк майы жана 10 000 (он миң) бет кап таратып берип жатышат. Мындан сырткары Сузак району, Ош шаарына дагы жардам көрсөтүлдү. Учурда Нарын облусуна бөлүнгөн азык-түлүктөрдү жөнөтүү алдында турабыз. Бул тууралуу дагы толук маалымат берилет», - деди депутат Искендер Матраимов.

Ошондой эле депутат кыргыз элине Кайрылуу жасады.

--Урматтуу кыргыз калкым! Кыргыз элибиз, өзүнүн айкөлдүгү, эрктүүлүгү, кең пейилдиги, тайманбастыгы менен өзгөлөргө үлгү болгон калк. Биз табияттын берген сыноосуна туруштук берип, ноосфералык кубулуштарды терең түшүнгөн, дээринен касиеттүү калктын катарына киребиз. Ошондуктан дүйнө жүзүнө тараган оорунун күркүрөгөн күрөө тамырын кыркып, “коронавирус” куюнун, улуулугубуз менен сабырдуулугубуз менен жеңип, учурдун баардык талаптарына даяр туралы. Урматтуу калкым, пейилди кенен коюп, Жаратканыбызга жан дүйнөбүз менен ишенели, ошондо баары жакшы болот”, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов.

Эске сала кетсек, 21-март күнү “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду COVID-19 вирусун жоюуга каршы, коомчулукка, азык-түлүк, медициналык бет каптар, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттерди беришкен. Андан сырткары  500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миӊ даана бет кап, өлкө аймагындагы вирус катталган аймактарга таратылган.

Аталган “Исмаил Матраимов” атындагы кайрымдуулук фонду элге жарда көрсөтүлгөндөн кийин, 1 күндүн ичинде аларга 567 жаран байланышка чыгып алардын ичинен 109 ишкер ар түрдүү маселелер менен кайрылган. Ошондой эле 231 ишкер өндүрүлгөн бет кабын сунуштаса, 137 ишкер бет кап тигип берүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости