www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин социалдык тармактарда  карантинге алынган келиндин: “Бол, мага шашлык таап бергиле. Котлетпи, шашлыкпы мага жакшы тамак таап келгиле. Эмне турасың? Ишиңди тездет. Биз айткан нерсени таап келгиле деп ушул жерге силерди койгон”,-деп аял милиция кызматкеринен милдетинен сырткары башка нерсени талап кылган видеосу тараган.

Алтургай видеонун авторун “видеого тартпагыла” деп гүлдүн түбөгү менен да урганга жетишкен.

"Милициянын милдетине шашлык алып берүү кирбейт" деп бүгүн, 25-мартта социалдык тармактарга тараган келиндин милициядан шашлык талап кылып жаткандагы видеосуна милиция жооп берди.

"Социалдык түйүндөрдө, андан соң айрым маалымат сайттарында обсервацияда жаткан аялдын имаратты кайтарууга алган милиция кызматкеринен орой түрдө шашлык алып келип берүүнү талап кылган видеосу жарыяланды. Укук коргоо кызматкерлеринин милдетине обсервацияда убактылуу жаткан жарандарыбызга тамак-аш алып келүү кирбейт. Милиция кызматкерлеринин негизги милдети - ал жарандардын коопсуздугун коргоо жана убактылуу изоляцияда кармоо эрежесин камсыздоо болуп саналат. Аманчылык болсо, эжеге шашлык жеген күн келет", - деп жазылган билдирүүдө.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости