www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Искендер Матраимов жаңы кодекстердин эффективдүүлүгү кандай болуп жатканын сурады.

"2019-жылдан баштап жаңы кодекстер иштей баштады. Бүгүнкү күндө жаңы кодекстердин эффективдүүгү кандай болуп жатат? Кийинки убактарда кодекстерге көп өзгөртүүлөрдү алып келип жатышат", - деди депутат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул кодекстер практика жүзүндө пайдаланылып баштаганда тажрыйбалуу кызматкерлерден турган жумушчу топ түзүлгөнүн айтты. 

"Соттор тийиштүү органдар менен бирге практиканы бир алып кеткенге аракет кылып, өзгөрүүлөрдү берип турду. Бул жерде кемчиликтер боюнча көп сунуштар келтирилди. Бүгүнкү күндө прокурор тарабынан билдирүү берилгенден кийин кылмыш иши козголду деген өзгөртүүлөр киргизилди. Көпчүлүк бирдиктүү реестрге катталгандан кийин кылмыш иши козголду, жоопко тартылат экен деп түшүнүп жатышат. Качан гана кабарлоо берилгенден кийин кылмыш иши козголуп, тергөө иши кетет", - деди Жамшитов.

Искендер Матраимов жаңы кодекс кабыл алынып жатканда көп суроолор берилгенин айтты. "2019-жылы кодекс колдонулуп баштаганда көп мүчүлүштүктөр болот деп айтканбыз. Эки жылдан бери ошонун үстүнөн иштеп жатабыз. Биздин комитет ар айда кодексти өзгөртүү менен алектенип жатат", - деди Матраимов.

Булак: NazarNews.org

Последние новости