www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-майда Улуу Британиянын борбору Лондондо полиция кызматкерлери 19 кишини камакка алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, камакка алынгандар карантин эрежелерине каршы болуп акцияга чыккандар. 19 киши карантиндин эрежелерин, анын ичинде адамдар менен болгон аралыкты сактаган жок деген жүйөө менен кармалган.Алар шаардагы Гайд-Паркка топтолгон.

Лондондун полициясы шаардын борбордук бөлүгүндөгү Гайд-Паркта топтолгон эл өкмөттүн COVID - 19 пандемиясына карата көрүп жаткан аракеттерин тоготпой, тарап кетүү боюнча айтылган бир нече эскертүүлөрдү укпай койгонун маалымдаган. Офицерлер аларды таратуу аракеттерин да көрүшкөн. Бирок эл таптакыр тарабай койгондо алардын арасынан 19 кишини камакка алууга туура келген. Дагы 10 адамга айып салынган.

Акыркы айда Англиянын өкмөтү карантин чараларын мурункудан жеңилдеткен. Ага ылайык, жашоочуларга паркта жолугушууга уруксат берилген, бирок 2-3 кишиден көп болбошу керек деген эрежелер бар болчу.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Улуу Британияда коронавирус жуктургандар 244 миң адам болсо, анын ичинен 34 миңден ашыгы бул оорудан көз жумган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости