www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 7-августта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев аскерде кызмат өтөгөндөрдүн маселесин көтөрдү.
Буга байланыштуу, эл өкүлү коргоо министри Бактыбек Бекболотов жыйынга келип, аскерде кызмат өтөп жүргөн жарандардын өлүмү боюнча жооп берүүсүн талап кылды.
«Жай мезгилинде аскер кызматкерлерине байланыштуу бир нече трагедия болгонун баарыңыздар билесиздер. Аскерде жүргөндөр жума сайын өз жанын кыйып жатты. Коргоо министри келип жооп берсин. Ар бир өлүм үчүн керт башы менен жооп бериши керек. Же жумуштан кетиш керек», - деди Токтошев.
Булак: NazarNews.kg