www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 8-сентябрда, саат 10:00 "АКИпрессте" журналисттерге жыйын өткөрөт. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, жыйында кызматтан кетишинин себеби, "Кумтөр" маселеси жана башка бир топ орчундуу көйгөйлөрдүн бетин ачат.
Эске сала кетсек, буга чейин Азимбек Бекназаров "иштей албагандыгына" байланыштуу кызматынан кетти деген "ярлык" тагылганы менен 2 жылдын ичинде бийликке ондон ашуун расмий кат жөнөткөнү менен бийлик тарабынан эч кандай жооп болгон эмес.
Бекназаровдун каттары тууралуу так маалыматын жергиликтүү журналисттер 8-октябрда саат 10:00дө "АКИпрессте" өтө турган жыйында уга алышат.
Азимбек Бекназаров үстүбүздөгү жылдын 5-августунда "Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кызматтан алынды" деген чечими менен кызматтан кеткен.
Ушул тапта жогорку "мазактаган" Жарлык карышкыр саясатчынын азуусун кайратып турат. Эми атактуу саясатчынын өмүр жолуна кедергисин тийгизген терең ойлонулбай чыгарган Жарлыктын кесепети кандай болот, күтө туралы.
Баса, 2020-жылы 8-октябрда Садыр Жапаровду Азимбек Бекназаров бата берип такка олтургузган. Азимбек Бекназаров ар дайым чындыктын айынан бийликтен сүрүлүп чыгып оппозиция тарапта кала бергенин жакын саясий тарапташтары айтып келишет.
Алсак, белгилүү саясатчы, калкка "бульдозер" ылакыбы менен таанымал. Бир нече саясый китептердин автору.
Булак: NazarNews.kg