www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Кумтөрдүн айланасындагы кырдаал боюнча министрлер кабинетинин маалымат беришин талап кылды.
Эл өкүлү Исхак Масалиев президент Садыр Жапаров Кумтөр келишим боюнча июль айында толук маалымат берүүнү убадалаганын эске салды.
"Бул маселе курч болуп турат, чын эле депутаттар билишибиз керек. Кимге эмне беребиз, кандай пайда-зыяны болуп жатат? Иштин баары бир эле Бөлтүрүктө эмес, ал жөн гана бир аткаруучу, "чагылган таяк" десек болот. Келишимге кол койгон "Кыргыз алтындын" жетекчиси азыр кызматтан кеткен. Башында катышкан бардык кишилерди чакырышыбыз керек", — деди Масалиев.
Өкмөттүн маалыматын угуу сунушун депутат Тазабек Икрамов дагы колдоду.
Булак: NazarNews.kg