www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 7-августта, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев сунушталып жаткан өлүм жазасын киргизүү боюнча маселени көтөрдү.
Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда азыркы сот системасы менен өлүм жазасын киргизүү өтө олуттуу маселе.
«Биз коомчулукта жашы жете элек өспүрүмдөргө зордук-зомбулук көрсөтүп, өлүмгө чейин алып баргандарды бүтүндөй кыргыз коому жектешибиз керек. Андай айбанчылыкка баргандарды жектеп, сөзсүз айыпташыбыз зарыл. Бирок, азыркы сот системасы менен өлүм жазасын киргизгенибиз адилетүү болобу? Балким, ушинтип, ураа-ураа менен өлүм жазасын киргизебиз деп жогорку жетекчиликке идеяны берип, ошол эле учурда жүздөгөн бейкүнөө жарандардын өлүп кетишине себепкер болуп калбайлы.
Азыркы иштеп жаткан сот системасы менен биз ошого бара алабызбы? Туура, биз айдандарды аябашыбыз керек, бирок, азыркы сот системасынын адилетсиздигинен улам канчалаган бейкүнөө адамдар түрмөдө отурат. Ошондуктан, жүздөгөн адамдын өлүмүнө кириптер болуп калбаш үчүн бул нерсени тереңирээк ойлонолу. Жазанын мындан башка да түрлөр бар», - деди Акаев.
Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Бул трагедия боюнча үн каткан Садыр Жапаров кылмышкерлер өтө катуу жаза алуу керектигин жана аталган иш жеке көзөмөлүндө болорун айткан.
Булак: NazarNews.kg