www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Мурадыл Мадеминов абакта жаткан Курсан Асановду эркиндикке чыгарып суракка алуу боюнча айтты. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Үч революция болду. Үчүнчү революциядан кийин Генерал Курсан Асановдун тагдыры жөнөкөй элди кайдыгер калтырбай ойлонтуруп жатат. Ошол күнү генералдар, ИИМдин башчысы башка жетекчилер, жада калса Президент Жээнбеков качып кетти. Көчөдө жалаң эл калды. Ошол учурда милицияны көчөгө алып чыгып, тартип орнотолу деген кишини камап койдуңар. Курсан Асанов мамлекеттен кача турган жигит эмес. Анын басып өткөн жолун карасаңар ал дайыма эл үчүн иштеп жүргөн. 10 миң адам ак үйдү басып алды, Башкы прокуратураны басып алды. Эмне үчүн аларды камабайсыңар да бир эле Курсан Асановду камап койдуңар. Эркиндикке чыгарып коюп деле суракка алса боло берет. Ушул маселени азыркы Президентке жеткирип ал айкөлдүгүн көрсөтсүн", - деди Мадеминов.
Булак: NazarNews.kg