www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат: Адам чечпесин, система чечсин

Кыргызстанда 27 маанилүү ири жол бар, анын ичинде 18 жолго биринчи кезекте автоматташтырылган таразаларды орнотуп, жүк ташуу агымына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Ошондо жүк тартуу жайларында орун алган коррупциялык схемалаларга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбооруна арналган парламенттик угуунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, жаңыдан салынган жолдор четинен кайра бузулуп жатат. Себеби, жүк ташуучу унаалар нормадан ашык жүк жүктөп жолду бузууга дуушар кылууда.

«Жолдордун тез арада бузулушунун себеби – ашыкча жүк ташыган транспоттук каражаттар. Ошондон улам, мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга карата айып пул санкцияларын колдонууну катуулатуу демилгеси сунушталып жатат», - деди ал.

Ошентип, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин, автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өтмөктөрү менен өткөрүү эрежелерин бузган жүк ташуучу автомобиль ээлери үчүн 9-категориядагы салык салууну колдонуу сунушталууда. Ага ылайык,  айып пул жеке адамдар үчүн 1000 эсептик көрсөткүчтү же 18 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 2000 эсептик көрсөткүчтү же 55 миң сомду түзөт.

«Негизги максат жолдо жүк ташуу тартибине көзөмөлдү күчөтүү аркылуу автожолдордун сапатын сактап калуу болуп саналат. Баардык жүк тартуу жайларында автоматташтырылган таразалар орнотулса, андагы адам катышы кыйла азайып, коррупциялык жосундарга бөгөт коюлат», - деп кошумчалады  Маматалиев.

Мындан тышкары, ал аталган долбоордун    башкы максаты айып пулдун өлчөмүн көтөрүү менен, кошумча каражат табуу эмес экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы карыздарынын 2 млрд 600 млн сомун же 80 пайызын жол салууга алынган насыялар түзөт. Мурдагы жөнөкөй таразалыр 6 миңге чейин гана бузууларды аныктаса, азыркы автоматташтырылган 20 миңге чейин бузууларды аныктай алат. Буга чейин жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактардан болгону 10 млн сом айып пул жыйналган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости