www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Тажикстан базарларында эки күндөн бери коронавируска байланыштуу айың кептерден улам базарларда болуп көрбөгөндөй дүрбөлөң өкүм сүрүүдө. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, базарларда эң керектүү делген ун, суу май жана ушул сыяктуу азык-түлүктөргө суроо-талап жогорулагандыктан, баа дээрлик эки эсеге кымбаттаган.

Буга себеп, өкмөттүн жаназадан башка учурда жапырт намаз окууну токтото туруу боюнча кайрылуу жасагандыгы жана өлкөдө Нооруз майрамына карата өтө турган салттуу жүрүштөргө кескин тыюу салганы,  элдин дүрбөлөңгө түшүүсүнө себеп болгон.

Ошондон улам, Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги Тажикстанда коронавирус инфекциясы катталбаганын билдирип, эки жылга жеткендей азык-түлүк запасы бар экенин маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости