www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Масалиев оор дартка чалдыктыбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев алдында чоң сыноо турганын Фейсбуктагы баракчасына жазып, элдин дубасына муктаж экенин билдирди.

"Турмушта ар кандай болот. Адам эмне болсо да тууганынан, досунан жардам күтөт. Бирок ден соолугу начарлап кетсе бир нерсеге эле зарыл - жакшы тилек, ак бата, дуба кылып койсо...

Мына мага да кезек келди окшойт. Мени билгендерге, сыйлагандарга, урматтаган кишилерге кайрылмакмын - алдымда чоң сыноо турат, доктурлар сакайтууга аракеттерин жасаш керек. Сиздерден дубага жана жакшы тилектерге муктажмын...", - деди Масалиев.

Эл өкүлү кайсы дартка чалдыкканын ачыктаган жок. 

NazarNews маалымат агенттигинин эмгек жамааты Исхак Абсаматовичтин тезинен сакайып кетишин каалайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости