www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада социалдык тармактарга Акыркы коңгуроонун бүтүрүүчүсү «ачуу чындыкты айтан» видео тарап, резонанс жаратты. Бирок, эртеси ал "пранк болчу" деп айтууга аргасыз болду. Бул тууралуу депутат Аида Исатбек кызы 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат бул боюнча билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын  пикирин сурады.

"Сузак районунун Благовещенка айылында Гайдар атындагы мектеп бар. Окуучунун билдирүүсүнөн кийин Билим берүү министрлиги мектеп тууралуу кошумча маалымат берүүнү талап кылган. Мен бул мектепти жакшы билем, анткени ал жакта квалификацияны жогорулатуунун алкагында мугалимдерге сабак бергем. Мугалимдердин деңгээли ар кандай болот – тажрыйбалуу жана тажрыйбасыз. Аталган жигит бул мектептин бүтүрүүчүсү эмес, бирок ал жакта көп жыл окуган. Анын айткан пикирине каршы, капа болгон жокпуз. Мугалимдеридин окуу процессине мамилеси жана ал айтып жаткан көйгөйлөр канча убакыттан бери байкалып келгенин билели деп аракет кылганбыз. Анан эмне үчүн тамаша деп айтканы бизге түшүнүксүз", - деп жооп берди министрдин орун басары.

Жусупбекова башкармалык районго телефон чалып, директордун ишин күчөтүү, тажрыйбалуу мугалимдерди тартуу, квалификациясын жогорулатуу жана башка көйгөйлөрдү чечүү сунушу менен кайрылганын билдирди.

Анын айтымында, бүтүрүүчүнүн айткандарын терс кабыл алуунун кереги жок, эгер көйгөйлөр жаралса, анын үстүнөн иштөө керек.

Исатбек кызынын айтымында, ал жигит жергиликтүү бийлик тарабынан кысым болуп жатканын айткан.

"Аны аябай катуу коркутуп коюшуптур. Телефон чалсак “мен байланышпай эле коеюнчу, мага катуу кысым жасап жатышат” деп айтты. Бугал мугалимдер эле эмес, жергиликтүү бийликтин дагы тиешеси бар экен. Эгер ал “пранк” болсо дагы, анда чындыктын үлүшү бар. Биз ал баланы коркутпай, тескерсинче ага колдоо көрсөтүшүбүз керек", – деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости