www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча маселени өзүнчө жыйында кароону депутат Эмил Жамгырчиев бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында сунуштады.

Депутат Ички иштер министрлиги кандай кодекстер жана мыйзамдар менен иш алып барарын сурады.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев ички иштер органдары жөнүндө мыйзам, Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш-процессуалдык кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекстер бар экенин айтты. "Мыйзамдар көп, керек болсо ар бири боюнча айтып берем", - деди ал.

"Эмне үчүн мен муну сурап жатам? Ички иштер министрлиги мыйзамдын негизинде иштейт. Ошол эле учурда кесиптешибиз Алишер Айтбаевич бир катар сунуштарды айтты. Мыйзамдарды так аткаруу үчүн жакшы кадрлар керек. Бул үчүн жакшы шарттар, татыктуу айлык керек. Биздин милиция бизди коргойт деген сөз бар. Бирок карап көрсөң, милиционер бизди эмес, өздөрүн коргоого шарттары жок. Айлык маянасы 25 миң сом. Бул эң жогорку чеги. Азыркы заманда 25 миң сом эмнеге жетет?", - деп кошумчалады депутат.

Ал мисал катары кызматкерлерине турак-жай курулуп жаткан башка кызматтарды келтирди. Эмне үчүн милиция кызматкерлерине мындай үйлөр салынбайт, деп сурады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости