www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Электрондук тамекилерге, пальма майына жана мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатууга тыюу салынмайынча онкологиялык оорулуулардын саны азайбайт. Бул тууралуу депутат Эрулан Кокулов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, Саламаттыкты сактоо министрлиги электрондук тамекилерге экспертиза жүргүзбөйт.
"Биз алардын кайдан келгенин билбейбиз, сертификаттардын баары жасалма. Бул жерде жаштарды өлтүрүп жатканда рак менен ооругандарга кредит алып, аппараттарды орнотуп жатабыз. Эмне үчүн печенье менен пряник арзан? Анткени баары пальма майында даярдалган. Мектеп окуучулар гана электрондек тамекини чегишет жана бул печеньелерди мектеп окуучулары гана жешет. Электрондук тамекилерди көргүм келбейт. Аларга тыюу салган өлкөлөр да бар», - деди ал ачууланып.
Булак: NazarNews.kg