www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин регламенти менен бирге этика боюнча комиссия түзүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда депутат Айсара Абдибаева парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, депутаттардын этикасы боюнча комиссияларды түзүү практикасы көптөгөн өлкөлөрдүн мыйзам чыгаруу органдарында бар.

«Талаш-тартыш бардык жерде. Жакшы жакка өзгөрөбүз деп убада бергенбиз, бирок акыркы убакта артка кетип жатабыз. Парламент интригалардан чыкпайт. Этика боюнча комиссия түзүп, ар бир фракцияга, «Элдик» депутаттык топко бирден аял, бирден эркек киши кириши керек. Бул комиссия депутаттардын өзүн кандай алып жүргөнүнө көз салат. Биз бул жакка иштегени, элдин көйгөйүн чечкени келлдик», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости