www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байден өлкөнүн бүткүл Европадагы аскерий катышуусун көбөйтө турганын билдирди. Мындай билдирүү мамлекет башчысы менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин жолугушуусунда айтылды.

Байден АКШ Германия менен Италиядагы аскерий катышуусун күчөтүүнү, Испанияда жайгашкан эсминецтердин санын 4төн 6га чейин көбөйтүүнү көздөп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, Вашингтон Британияга бешинчи муундагы F-35 согуштук учактарынын эки кошумча эскадрильясын жөнөтөт.

Буга чейин Йенс Столтенберг НАТО альянстын тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн санын 7,5 эсеге көбөйтө турганын билдирген. Күчтөрдүн саны 40тан 300 миңден ашат. Мындан тышкары, НАТО альянстын чыгыш флангында курал кампаларын түзүп, бул аймактагы операциялар үчүн атайын күчтөрдү түзөт.

НАТОнун баш катчысынын айтымында, уюмдун Мадриддеги саммитинде коопсуздуктун жаңы концепциясы да кабыл алынат – анда Орусия альянстын коопсуздугуна коркунуч катары таанылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости