www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Кыргызстанда тергөө менен келишим түзүү ыкмасы өзүн актаган жок деп эсептейт. 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал муну куралга айланган ыкма деп атады:

«Кээ бир тергөөчүлөр муну курал катары колдонуп жатышат. Айыпталуучуга карата бул берене курал катары колдонулуп жатканы баарыбызга чындык».

Кыргызстанда 2019-жылы жаңы Жазык кодекси иштей баштаган. Ага ылайык, айыптоочу жана жактоочу тараптар кызматташуу тууралуу процессуалдык келишим түзүп, жаза чарасы жумшартылат. Кылмышка шектүү тарап бул үчүн тергөөгө жардамдашып, башка шектүүлөр тууралуу маалымат берүү милдетин алат.

Депутат бул кодекстин мурдагы редакциясына кайтып келүү керектигин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости