www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Саккараев кул мүнөздүктүн үлгүсүбү?

Жогорку Кеңеште Медер Саккараев деген депутат бар. Чүй-Токмок аймагынан Жогорку Кеңешке болгон бир мандаттуу шайлоо округунан жеңип келген. Шайлоо учурунда анын казак жараны экени айтылып, кош жарандуулугу боюнча чоң чуу жаралган. Бирок эмнегедир БШК Саккараевди бийлик сүрөөнгө алгандыктан тиешелүү чара көрбөй, укуктук жактан көз жазгырган мышык-чыкан оюну менен ишти будамалаган. 

Мына ушул депутат шайлангандан бери үн чыгарып маселе көтөргөн учуру боло элек. Дээрлик эки жыл болду, бары-жогу билинбей жүрдү эле, кечээки каникулдан келген соң, депутаттарга ийилип учурашып, кучактап өпкүлөп, чаңын күбүп жиберип жаткан жоругу аркылуу бир заматта дүң болду. 

Дээринен кошомат кылып, кулдук урганга жөндөмдүү экен. Айталы, экс-прокурор Элмурза Сатыбалдыевге кол куушура жүгүнүп жатса, дагы бир эл өкүлү Бакыт Сыдыковдун эки ийниндеги чаңды күбүп жүрөт. Мынчалык кулдук ургудай жанына эмне күч келет десең. Депутаттарга эле ушундай көлдөлөң болуп төшөлүп жатса, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди көргөндө, эмне кылып жиберет болду экен? Айтканга ооз барбайт...

Булак:NazarNews.kg

Последние новости