www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финляндиянын эң популярдуу саясатчыларынын бири, мурдагы өкмөт башчысы Санна Марин акыркы саясий ыйгарым укуктарынан баш тартууну каалайт жана парламенттин депутаттык милдетинен бошотулушун суранган. Бул тууралуу Марин мүчө болгон Социал-демократиялык партия билдирген.

"Парламент депутаты, мурдагы премьер-министр Санна Марин Тони Блэр институтунун стратегиялык кеңешчиси болуп дайындалды. Марин жаңы кызмат ордунан улам депутаттык милдетинен бошотууну суранууда", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетек, Марин - Финляндиядагы эң популярдуу аялдардын бири. Ал 2019-жылы 34 жашында Финляндиянын министрлер кабинетин жетектеген дүйнөдөгү эң жаш өкмөт башчы болуп калды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости