www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлекте мамлекеттик кайтарууда турган чек араны мыйзамсыз бузуп өтүп келип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лейлек РИИБинин Катраң айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Баул айылынан чет өлкөнүн жараны 36 жаштагы К.Шны аныктап кармаган. Анткени бул жаран Кыргыз Республикасынын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, кыргыз өлкөсүндө жашап, иштеп жүргөндүгү аныкталган.
Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын КЖКнин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg