www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында “Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча насыялык макулдашуу каралды. Анда депутат Абдывахап Нурбаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге суроо берди.

"Сооронбай Жээнбеков президент кезинде "2023-жылы Кыргыз өлкөсүндөгү бардык айылдарда таза суу маселеси чечилет" деп айткан. Ошол сөздү билесизби? Канчалык деңгээлде ишке ашат? Бул реалдуубу же популизм болгонбу?", - деп сурады депутат.

Бөрүбаев 2026-жылга карата стратегиялык план түзүлгөнүн айтып, 651 айылга суу киргизүү пландалганын билдирди. "2023-жылы бүтөт деген аткарылбай калды", - деп жооп берди.

"Ошондо Сооронбай Жээнбеков жалган айтып койдубу же ал айтканды аткара албай калдыңарбы?", - деп сурады депутат.

Бөрүбаев бул маселени чечпей турганын айтып, буга тийиштүү агенттиктин жетекчисинин орун басары иш сапарда жүргөнүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости