www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Чек ара кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чек ара маселесин көтөрүп чыкты.

Депутат жакында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чактакты сөз кылды.

“Үч жараныбыз кыргыз-тажик чек арасынан жаракат алды. Бүгүнкү күнү алар өтө оор абалда. Өткөндө министрлерге, бардыгына кайрылуу жасагам. Оор абалда турган жоокердин ден соолугун кароо, аны дарылоо үчүн Москвага алып баруу боюнча кандай чаралар көрүлүп жатат? Ошол маселени тез арада чечиш керек. Жакындары аны Москвага алып барып, операция жасоо маселеси боюнча кайрылып жатышат. Ушуну тез арадан чечишиңиздерди талап кылат элем”,-деп Тазабек Икрамов өкмөткө кайрылды.

Ошондой эле, кыргыз-өзбек чек арасындагы жер маселеси боюнча жаңжалга да токтоло кетти. Депутат Тазабек Икрамов учурда чек ара маселеси өтө курч абалда турганын айтып, өкмөт бул жагынан иштебей жатканын кошумчалады.

“Урматту өкмөт, беш жылдан бери чек ара маселесин айтсак, беш жылдан бери оң кулактан кирип, сол кулактан чыгып кетип жатат. Ушул маселени тез арада чечиңиздер”,-деп Тазабек Икрамов сөзүн жыйынтыктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости